
УКМК Таластын борборундагы «Кербен Палас» мейманканасы катары мурда иштеп келген административдик имаратты мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы аянты 0,52 га болгон Kerben Palace мейманканасы пайдаланып келген административдик имарат мамлекеттин балансына кайтарылды.
Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында, Талас облустук административдик соту тарабынан жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча Талас шаардык мэриясынын токтомун жараксыз деп табуу чечими чыгарылган. Буга байланыштуу Kerben Palace мейманканасынын өкүлдөрү КР жер мыйзамдарынын бузулушун моюнга алып, административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Таластагы бөлүмүнө арыз менен кайрылууну чечишкен.
Учурда административдик имарат Талас шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.