
Кыргызстанда 30-июнда саат 9:00дө бардык жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик документтерди — 9-класстын окуучулары үчүн негизги жалпы билими тууралуу аттестаттарды жана 11-класстын окуучулары үчүн орто жалпы билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи болот.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, документтерди т апшыруу учурундагы коопсуздук чараларын камсыздоо жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Эске салсак, 2024/25-окуу жылында 9-классты 134 681 окуучу, 11-классты 80 540 окуучу бүтүрөт.