Индияда учак 242 жүргүнчүсү менен кулап

Индиянын Ахмедабад аэропортуна жакын жердеги эл жашаган конушка учак кулап түштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, соцтармакта учак кулаган учурдун видеосу тарады.

Жергиликтүү ЖМКлар анын ичинде 232 жүргүнчү, экипаждын 12 мүчөсү болгонун жазышууда. Учак асманга көтөрүлгөн маалда кырсыктаган.

Air India компаниясына таандык Boeing 787 учагы Бирмингем шаарына бараткан.