
Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди.
Ал 30 жашта. Ал Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
2016-2017-жылдары Кытайдын Шинжаң педагогикалык университетинде билим алган. 2014-жылы Work and Travel USA программасына катышып, АКШда иш тажрыйбасына ээ болгон. 2020-2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болгон.
Мурдагы депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна Табылды Муратбеков келди.