
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстанга иш сапары менен келди.
Сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышат. Мындан тышкары Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушууларды өткөрөт.
Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев ошондой эле бир катар объектилерди көрүп чыгат.