
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.К.С. (Кенжебек Бокоев) укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экс-депутат бүгүн,9-июнда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган.
Кенжебек Бокоев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, Кенжебек Бокоев V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика Ата Журт» партиясынан шайланган.