
Айгүл Калчакеева Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды. Мындай жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага чейин берген арызына ылайык Алмазбек Акматалиевди бул кызматтан бошотуу тууралуу жарлык чыгарган. Акматалиев 2018-жылдан бери Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору кызматын аркалап келген.
Айгүл Калчакеева экономика илимдеринин кандидаты жана отличниги, КРСУда, Бишкек Финансы-Экономикалык Академиясында жана Борбор Азия Эл аралык университетинде иштеген. Акыркы жылдары Борбор Азиядагы Корея институтунун окуу иштери боюнча проректору болгон.