Министрлер кабинетинин төрагасы Экономика министрлигине унааларды тапшырды

Экономика жана соода министрлигине кызматтык автоунааларды тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Адылбек Касымалиев куттуктоосунда азыркы шартта финансист жана экономист кесибинин маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдардагы ИДПнын туруктуу өсүү темпи (2022-2024-жылдары 9% жана ушул жылдын 4 айында 11,7%) жүргүзүлүп жатканы экономикалык саясаттын натыйжалуулугун көрсөтүп турарын билдирди.

«Экономисттер менен финансисттер —азыркы замандын негизги кызматкерлери. Дал ушул сиздер бардык министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын жана демилгелерин бириктирген, алдыга карай багыттарды көрсөткөн социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгасыздар», — деп белгиледи минкаб төрагасы.

Ал ошондой эле өлкөнүн алдында турган амбициялуу максаттарына токтолуп, алар экономиканын бардык тармактарын, өзгөчө өнөр жай тармагын өнүктүрүүнү талап кылат.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев финансы-экономикалык чөйрөдөгү кызматкерлердин компетенттүүлүгү, билими, жоопкерчилиги жана ишке берилгендиги стратегиялык пландарды ийгиликтүү ишке ашыруунун жана Кыргызстандын экономикасын андан ары өнүктүрүүнүн ачкычы экенине, ал эми Экономика жана коммерция министрлигинин автопаркынын жаңыланышы ведомствонун мобилдүүлүгүн жана натыйжалуугун жогорулатат деген ишенимин билдирди.