
Кыргызстарндын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акак Үсөн кызы дүйнө кубогунда күмүш медаль утту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Армениянын Ераван шаарында өтүп жатат.
Спортчу 54 кг чейинки салмак категориясында күжүрмөн самбо боюнча катышкан. Биринчи айлампада украиналык спортчуну жана экинчи айламапада түркмөнстандык спортчуну жеңип, финалга чыккан.
Алтын медаль үчүн беттеште россиялык спортчуга жеңилип, дүйнө кубогунун күмүш медалына ээ болду.