
3-июнда Токмак шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында УКМК тарабынан Токмак шаарынын тургунун топ менен сабаган деп шектелген жарандар кармалды
Атайын кызматтан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 27-майынан 28-майына караган түнү Токмок шаарындагы «Караван-Сарай» кафесинин аймагында 2005-жылы туулган Ж.Т. жаранга белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгон.
Бул факты боюнча жабырлануучунун жакындары арыздангандан кийин сотко чейинки иликтөө иштери башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында УКМКнын жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары С.Б., А.А. жана К.Н. аттуу 3 адам кармалды.
Кылмышка шектүүлөр Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, укук коргоо органдары тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Белгилей кетсек, жабырлануучу Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургия бөлүмүндө жаак сыныгы диагнозу боюнча стационардык дарыланууда.