Таласта облусунда 200 мектеп бүтүрүүчү Ахунбаев атындагы медициналык академияда бекер окуйт

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Таластагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалымат кызматынан билидиришти. ⠀

“Иш-чарада аймактагы ак халатчандардын тартыштыгы жана медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселесин талкууладык. Бул маселени чечүү максатында 200 мектеп бүтүрүүчүнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуу демилгесин көтөрдүм. Бүгүнкү күндө Талас облусунда 170 дарыгер жетишпейт. Бул – жөн гана сан эмес, бул — өз убагында жардам ала албай жаткан жаран, эне, бала деген сөз. Бул маселени чечүү үчүн, быйыл облустан мыкты окуган 200 бүтүрүүчүнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына академияга кабыл алып, алардын окуу чыгымдары медициналык академияны окуп бүтүргөнчө толук каржыланат. Ар бир бүтүрүүчү жана ата-энеси менен атайын келишим түзүлөт. Анда, билим алып бүткөн соң, жаш дарыгерлер кеминде 7 жыл Таластын мамлекеттик ооруканаларында кызмат өтөшү керек деп көрсөтүлөт.

Жаштарга жол ачпай туруп, келечекке үмүт кура албайбыз. Биз бул чечимге Таластагы ак халатчандардын таңкыстыгы жана жаш муунга болгон чоң ишеним менен барып жатабыз”, деп билдирди Эрмат Джумаев.

Эсиңиздерге салсак, иш-чарага Таластын төрт району боюнча 180ден ашык бүтүрүүчү, агартуучулар жана ата-энелер катышышты. Аталган демилге — кадрдык потенциалды арттырууга жана аймактын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзмөкчү.