
Бүгүн, 5-июнда мусулмандар ислам календары боюнча эң берекелүү күндөрдүн бири болгон Арапа күнүн белгилешүүдө. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы түшүндүргөндөй, бул күнү көптөгөн динге ишенгендер орозо кармашат. Анткени Арафат күнүндөгү орозо эки жылдагы — өткөн жана келечектеги күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деген ишеним бар.
Муфтият ошондой эле эртең, 6-июнда белгиленүүчү Курман айтка карата майрамдык намазды окуунун тартибин эскертти.
Айт намазынын тартиби:
7:00 — 7:20 — Курман айттык баяндар;
7:20 — 7:30 — Айт намазын окуу тартибин түшүндүрүү;
7:30 — Курман айт намазы.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы майрам намазы тиешелүү уруксаты бар мечиттерде гана окуларын эскертип, намазга алдын ала келүүгө, имамдардын тартибин жана сунуштарын аткарууга чакырат.