Дональд Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды

Дональд Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салганын Би-Би-Си билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Азия, Африка жана Латын Америкасындагы 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган жана дагы жети өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө чектөө койгон буйрукка кол койду.

Ак үйдүн маалыматы боюнча, Ооганстан, Мьянма, Чад, Конго Республикасы, Экватордук Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салынган.

Тыюу 2025-жылдын 9-июнунда күчүнө кирет.

Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Венесуэла жана Түркмөнстандын жарандарына АКШга кирүү жарым-жартылай чектелген.

Дональд Трамп мурда биринчи мөөнөтүндө айрым өлкөлөрдүн жарандарына тыюу салган — бул анын 2017-жылы президент катары кабыл алган алгачкы чечимдеринин бири болгон.

Ошондо ал Ливиянын, Сириянын, Йемендин жана Сомалинин жарандарына АКШнын чек арасынан өтүү укугунан баш тарткан. Кийинчерээк бул тизмеге Түндүк Корея, Венесуэла жана Чад кошулган.

Бул тыюу көп жолу сотто талашылган, өзгөртүлгөн, бирок акыры күчүндө — АКШнын Жогорку Соту бир добуштун көпчүлүгү менен аны Конституцияга ылайык деп тапты.