
Борбордук шайлоо комиссиясы Табылды Муратбековду «Ыйман нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ал мурда каттоосу жокко чыгарылган Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. Бул тууралуу БШКнын жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Табылды Муратбековду каттоо тууралуу чечим бүгүн, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Табылды Муратбеков 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.