Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге ырайым кылууга даяр экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген соңку маегинде мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге карата соттун чечимине комментарий берди.

«Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал — мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал — мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек», — деди ал.