
Ош облусунун аймагында мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүүнүн алкагында Кытайдын үч жараны кармалды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар дарыядан балыкты атайын электрондук балык уулоочу шаймандар менен мыйзамсыз түрдө кармап жаткан жеринен кармалган.
Аталган факты боюнча тиешелүү тартипте административдик протокол түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Министрлик жарандарды табигый ресурстарды мыйзамсыз пайдаланбоого, айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын катуу сактоого чакырып, мыйзам бузгандарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.