
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
Биринчи май райондук сотунда отурум аяктады. Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу да чечим кабыл алынган.
Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевден башка төмөнкүлөргө да соттун өкүмү чыкты:
Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай;
Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
Ирина Карамушкина — 7 жыл 6 ай;
Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай;
Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай;
Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл;
Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл.
Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган. Ал абакта кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча да кармалып турган. Чечим жокко чыгарылганына байланыштуу мурдагы президент эркиндикке чыгып, кийин чет өлкөгө дарыланууга кеткен.