
Ысык-Көлдүн эки айылында биспектралдык камералары бар заманбап мунаралар орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Бул браконьерлер менен күрөшүү үчүн колдонулат. Мунаралардагы камералар 14 чакырымдагы аралыкты күнү-түнү тартып, беш чакырым алыстыктагы адамды жүзүнөн тааныйт. Жети чакырым аралыктан белгилерди сезет. Жабдуулар Кудургу жана Тогуз-Булак айыл аймактарында орнотулду.
Ошондой эле милиция заманбап кайык, квадрацикл, дрон жана бодикамералар менен жабдылып, браконьерликке каршы толук даяр экени кошумчаланды.