Кербенден Бишкекке аба каттамдардын саны көбөйдү

«Asman Airlines» авиакомпаниясы Кербенден Бишкекке аба каттамдардын санын көбөйттү. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, каттамдар эми жумасына эки жолу – шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.

Билеттин баасы 3600 сомдон башталат.