Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Кыргызстанда самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, турнир 7-9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

Дүйнө чемпиондугунун алкагында эркектер жана аялдар спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча күч сынашат. Ошондой эле көрүүсү начар эркектер арасында спорттук самбо боюнча мелдеш өтөт.

Бишкек буга чейин 2022-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүп, ага 55 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышкан.

Турнирдин жүрүшүндө Кыргызстанда самбонун 60 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Самбо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты 1965-жылы өткөн.