
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы абоненттердин 97 пайызын ысык сууга туташтырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жылуулук тармагынын кызматкерлери жылуулук түйүндөрүнүн жертөлөсүнө кире албаган үйлөргө азырынча кошула электиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле кээ бир керектөөчүлөр ысык суунун температурасын жөндөө иштеринин жүрүшүндө убактылуу төмөндөшү мүмкүн деп белгилейт «Бишкек жылуулук тармагы» .
«Ысык суунун жетишсиздигинин негизги себеби — батирлерге «Аристон» тибиндеги электр суу жылыткычтарынын массалык орнотулушу болууда. Бул аппараттарды туура эмес колдонуудан суу ташкындары, башкача айтканда муздак суу — ысык суу түтүктөрүнө кирип кетет. Бир эле туура эмес өчүрүлгөн «Аристон» бүт үйгө ысык суу берүүнү үзгүлтүккө учуратууга жетиштүү», — деп эскертишти шаар тургундарына.
Өзгөчө кырдаалдар жана суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: 0312611169, 1980, 0557611166, 0777611166, 0701611166;
Диспетчердик кызмат: 568558;
Борбордук райондогу ички системалар боюнча нөөмөт инженерлери: 365719, 300767;
Түштүк райондогу ички системалар боюнча нөөмөт инженерлери: 510622, 217406.