
Бул аралыкта “Альянс Алтын” ишканасы өлкөнүн экономикасына жана аймактын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, өз тармагында алдыңкылардын бирине айланды.
Миллиарддаган сомдук салыктык түшүүлөр, жүздөгөн жумуш орундары, ондогон ишке ашырылган социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор, миңдеген бак-дарактардын отургузулушу, өндүрүштүк коопсуздуктун жогорку деңгээли жана туруктуу өндүрүш – мунун баары биздин он жылдык эмгегибиздин натыйжасы.
Биз Кыргызстанда жер казынасын пайдаланууга заманбап мамиленин башатында турганыбызга сыймыктанабыз. Алдыда жаңы максаттар жана долбоорлор турат, бирок негизгиси өзгөрүүсүз бойдон калууда: өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жана адамдарды урматтоо менен иштөө.