
4-5-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Дүйшөмбү шаарына (Тажикстан) барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү жана бир катар документтерге кол коюлары пландалууда.