Таласта курулушка жер бөлүп берүүдөгү коррупциялык схема аныкталды

Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан Чолпонбай айыл аймагындагы текшерүүнүн жүрүшүндө жеке курулуш үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, айыл өкмөт жана каттоо органдарынын кызмат адамдары расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен он жаранга эки гектардан ашык жер тилкелерин мыйзамсыз каттатып, аларга тиешелүү укук белгилөөчү документтерди беришкен.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-«Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана 346-«Кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Жер тилкесин кайтарып берүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.