Кыргызстандык спортчулар Түркияда жаа атуу боюнча турнирде дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөсү Түркияда өткөн турнирде дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Салбуурун жаа атуу федерациясынан билдирди.


25-30-май аралыгында Стамбул шаарында «Fetih Kupası» эл аралык салттуу жаа атуу боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп, кыргызстандык жаа атуу боюнча эл аралык спорт чебери, Салбуурун федерациясынын өкүлү Ынтымак Мурадил уулу эркектер арасында жеке категорияда 250дөн ашык спортчуну жеңип, алтын медалга ээ болуп, 4 миң евро утуп алды.

Маалым болгондой, бул жылы турнирге 40тан ашык өлкөдөн 700дөн ашык спортчу катышкан.

Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиш Кыргызстан үчүн тарыхый болду жана өлкөнүн этноспорттун эл аралык аренасындагы беделин бекемдеди.