
Кыргызстанда бир жума ичинде 348 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 26-майдан 1-июнга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 280 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 817;
Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 348;
Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 145;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 350;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 024;
Авто ээнбаштык — 45;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 504;
Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 8;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары —10 582;
Ал эми, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 457 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.