
Индиянын Хайдарабад шаарында “Дүйнө сулуусу – 2025” сынагы өттү. Анда Таиланддын 21 жаштагы өкүлү Сучата Чуангсри жеңүүчү деп табылды.
Ал 72-жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык иш-чарада 107 катышуучунун ичинен иргелип чыгып, сынактын таажысын кийди. Таиланд сынактын тарыхында биринчи ирет утушка ээ болду.
Ал эми, Кыргызстандын атынан “Дүйнө сулуусу – 2025” сынагына “Кыргызстан сулуусу – 2025” сынагынын жеңүүчүсү Айжан Чаначева катышты. “Кыргызстан сулуусу” улуттук сынагынын дирекциясынан билдиришкендей, анын эл аралык сынакка катышуусу кыргыз аялзатынын сулуулугун гана эмес, өлкөнүн бай маданиятын жана салтын көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.