Садыр Жапаров “Борбор Азия-Италия” саммитине катышуу үчүн Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда “Борбор Азия-Италия” саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчынын учагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Италиянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышат.