Монголиядагы турнирде кыргызстандык балбандар дагы 1 коло, 2 күмүш медаль жеңди

 Монголиядагы мелдеште кыргызстандык балбандар дагы 1 коло, 2 күмүш медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, Улан-Батор шаарында “Ulaan-Baatar Open” эл аралык мелдеши өтүп жатат.

Анда 72 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан балбан Ырыскелди Хамзаев коло медалга ээ болду.

Ал эми Улан Муратбек уулу (55 кг) менен Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) 2-орунду камсыздап, күмүш медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, Монголия өтүп жаткан 3-рейтингдик турнир 1-июнга чейин созулат.