
“Манас” эл аралык аэропортуна үчүнчү телескоптук трап орнотулду.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, жаңы жабдуулар жүргүнчүлөрдү учакка отургузууда жана учактан түшүрүүдө, айрыкча каттамдар бир убакта келген учурда тейлөө процессин тездетет.
Кошумча трапты орнотуу жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга жана аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле инфраструктураны модернизациялоодо жана авиаташуулардын тейлөө сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналары белгиленди.