
Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 6-июнь иш күнү эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2025-жылдын январынан тарта күчүнө кирген жаңы Эмгек кодексине ылайык, Курман Айт майрамы расмий түрдө жумуш эмес күн катары таанылган.
Быйыл бул майрам 6-июнь жума күнүнө туш келип, буга байланыштуу бул дата өлкө боюнча расмий иш эмес күн деп жарыяланды.