
Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКга А.Г.Н. аттуу жаран Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директору 11 700 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражат алганын, Ош облусунун аймагында жеке турак жай үчүн жер тилкесин берүүнү убадалаганын айтып кайрылып, чара көрүү өтүнүчүн билдирген.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө К.У.Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдоо жолу менен акча каражаттарын ээлеп алганы аныкталган.
УКМК козголгон кылмыш иштин алкагында Кара-Суу РИИБ менен биргеликте келип түшкөн аудио-видео материалдарды иликтеп чыгып, Кара-Суу агрардык өнүктүрүү департаментинин директорун кармады. Шектүү Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмыш схемасынын бардык катышуучулары аныкталып жатканы айтылды.