Бостеринин борбордук пляжы жаңыланды

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Алтын кум” жана борбордук муниципалдык пляжда реконструкция иштери жүргүзүлдү.

Курулуш министрлигинен маалымдашкандай, пляждар заманбап стандарттарга ылайык келтирилип, жаңыртылды.

“Учурда курулуш иштери аяктоо алдында турат. Ачылышы жакында болот”, – деп билдиришти мекемеден.

Белгиленгендей, жалпы узундугу 1 миң 430 метрди түзгөн пляжда футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары курулду. Көл жээгине жакын жайгашкан соода күркөлөрү бузулдурулуп, алардын ордуна эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.