Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышевага 500 миң сом тапшырды

 Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандан дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган биринчи альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Асел Байбагышеванын өзгөчө жетишкендигин терең баалап, колдоо көрсөтүп, ага 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Өз кезегинде Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге сыймыктануу менен тапшырды. Мындан тышкары альпинист минкаб төрагасына Эверест тоосунун чокусунан жеке өзү  алып келген ташты тартуулады.

Баарлашуу учурунда Асел Байбагышева бийиктиктен алган таасирлери менен бөлүшүп, башынан өткөргөн кыйынчылыктарга токтолду. Ийгиликтүү көтөрүлгөндөн кийин дароо биринчи болуп МинКаб Төрагасы телефон аркылуу байланышка чыкканын чын дилден кубанганын белгилеп, дал ушундай тагдырлуу учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним жана жаңы ийгиликтерге шыктандыраарын баса белгиледи.

Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен дагы бир жолу кызуу куттуктап, анын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошконун баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар альпинизмди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана өлкөдөгү тоо туризмин колдоону талкуулашты.