
Кыргызстанда 142 мектепте 2025-2026-окуу жылына карата 1-2-класстар үчүн кошумча орундар ачылат.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эртең 30-майда саат 09:00дөн тарта ата-энелер балдарын мектептерге каттай алат.
“Бул кошумча орундар мектептик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөрдүн суроо-талаптарын канааттандыруу максатында берилет”, – деп белгилешти министрликтен.
Кошумча квоталар кайсы мектептерде берилерин төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.