Өзгөндө күйөөсү мурунку классташын кызганып аялын өлтүрдү

Ал аялын сабап, жерге сүйрөп, атка байлап, андан кийин атып салган.

Кара-Кулжада 20 жылдыкка барган аялын өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы күйөөсү кармалды

26-майда милицияга 37 жаштагы аял алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Ош облустук милиция "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгонун, маркумдун 40 жаштагы күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Ишенимдүү булактар каракулжалык келин айылына 20 жылдыкка барып келгенден кийин жолдошу кызганычтан мылтык менен атып салганын айтышты.