
Президент Садыр Жапаров “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Кыргызстандын чек арасын коргоп жатып курман болгон жоокерлерге арнап коюлган эстеликти ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башка расмий адамдар катышкан.
Президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл койду. Мындан кийин чогулгандар Куран окушту. Соңунда мамлекет башчы баатырлардын туугандары менен баарлашып, алардын эрдиги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө каларын белгиледи.