
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 28-майдан 31-майга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ бул күндөрү коопсуз жайларда болууну эскертет! Өзгөчө жаан-чачындуу күндөрү тоолордо, жаратылышта эс алууда дарыя жээктеринен алыс болуңуз.
Кырсыкка кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.