
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армениядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, алгач төрагалар тар чөйрөдө баарлашып, анда сон кеңири курамда эки тараптуу алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты. Тагыраагы, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу пикир алмашкан тараптар, парламенттер аралык өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу да ой бөлүштү.
Кыргызстан Армения менен бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеген Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: “Узак жылдарды камтыган алакаларды мындан ары да арттырып, эки тараптуу байланыштарды бекемдөө менен эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өнөктөштүктү да өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.
Ошондой эле төрага кыргыз тарап Армения менен Азербайжан ортосундагы тынчтык келишимин түзүүгө багытталган аракеттерди кубаттай тургандыгын белгилеп: “Тиешелүү документке жакынкы аралыкта кол коюлат деп ишенем. Ал эми Кыргызстан 1994-жылдагы Бишкек протоколуна байланышкан тажрыйбасына таянып, эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча бөлүп берүүгө даярбыз”, – деп кошумчалады.
Муну менен катар парламенттер аралык диалог мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналарын айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Эки өлкөдө тең парламенттер демократиянын жана саясий туруктуулуктун негизги инструменттери болуп эсептелет. Андыктан биз мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашып, тыгыз иш алып баруу менен кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошушубуз керек”, – деди.
Баарлашуу маалында соода-экономикалык алакаларды да тереңдетүү сунушу айтылып: “Бул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана албай келебиз. Кыргызстан соода-логистикалык байланыштарды жакшыртып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Айрыкча биздеги ири базарлар армян товарларын Борбордук Азияга жана Кытай рыногуна чыгаруу үчүн негизги платформа боло алат”, – деп белгилеген төрага маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү.
Өз кезегинде Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун расмий сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга жардамчы болуп берерине ишенерин билдирип: “Бизди узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турат. Андыктан, парламенттер аралык алакаларды арттыруу аркылуу мамлекеттерибиз ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүбүз керек”, – деди.
Андан тышкары, Армения менен Азербайжан ортосунда тынчтыкты орнотууга байланышкан Бишкек протоколу тууралуу да сөз кылган Ален Симонян аталган тажрыйбаны кайрадан пайдалануу багытындагы сунуштун маанилүү экенине токтолду. Айрыкча кыргыз-тажик чек арасын тактап, чечүүгө байланышкан тажрыйба да жакшы мисал экенин эске салды.
Ошону менен катар алакаларды арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүшкөн төрага Ален Симонян эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо үчүн Кыргызстандын маданият күндөрүн Арменияда өткөрүү демилгесин көтөрдү.