Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары убактылуу жабыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайда Ажыдаар кайык фестивалы белгиленгендигине байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт- автожол» жана «Эркечтам-автожол» унаа өткөрүү пункттары 2025-жылдын 31-майында убактылуу жабылат.

Бул өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү штаттык режимде өткөрүү 2025-жылдын 1-июнунда жанданат.