Коррупцияга шектелип кармалган Оштун казысынын ордуна жаңысы дайындалды

Коррупцияга шектелип кармалган Оштун казысынын ордуна Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Тиешелүү тескемеге муфтий Абдулазиз Закиров кол койгон.

Самидин Атабаев 1973-жылы Өзгөндө туулган. Ал Кыргызстанда жана Россияда диний жана юридикалык билим алып, ар кайсы диний мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Буга чейин Бишкек, Ош, Ысык-Көл казылыктарын жетектеген. Араб, түрк жана орус тилдерин билет.