Каракол шаарынын «смотрящийи» кармалды

УКМК кызматкерлери тарабынан Т.Ж.Ж. аттуу жараны Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Каракол шаарынын «смотрящийи» жана Ысык-Көл облусунун «положенеци» катары таанымал болгон М.Н.К. аттуу жаран кармалды.


Алар опузалап акча талап кылган жана башка бирөөнүн мүлкүн уурдаган деп шектелүүдө.

Мамлекеттик комитет белгилегендей, М.Н.К. уюшкан кылмыштуу топтун жоюлган лидери Камчыбек Асанбектин жеке коопсуздук кызматынын мүчөсү болгон. Экөө тең Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.