
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ жарандарды шамал учурунда коопсуз жайларда болууну жана кандайдыр бир өзгөчө кырдаал катталса токтоосуз 112 кызматына билдирүүнү өтүнөт.