
Балдарды коргоо күнүн белгилөөнүн алкагында 1-июнь күнү Ала-Тоо аянтында саат 10:00дөн 22:00гө чейин оюн-зоок иш-чаралары өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, бул күнү аянтта интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлөт:
– Аквагримм аянтчасы;
– Фото зона – жарык декорациялар жана чоң куурчактар ;
– Пластилин менен жасоо жана сүрөт тартуу боюнча кызыктуу устаттык сабактар;
– Кызыктуу сынактар, флешмобдор;
– Самын көбүгү шоусу;
– Спорттук оюндар;
– Иш-чаранын расмий өнөктөштөрүнөн белектер.
Белгилей кетсек, Бишкекте 30-майдан 8-июнга чейин 10 өлкөнүн жана өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген катышуучулардын катышуусунда бешинчи эл аралык “Наристе” балдар фольклор фестивалы өтөт.
Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулар да концерт коюп, кечинде саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэриясы Балдарды коргоо күнүн бирге майрамдоого чакырат!