Бишкекте эне жана балага колдоо көрсөтүүчү ресурстук борбор ачылды

 Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы алгачкы эне жана баланы колдоого арналган ресурстук борбор – “Эне үйү” ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Борбор Mothers Home International Foundation (MHIF) аттуу эл аралык жеке фонддун колдоосу менен түзүлүп, оор кырдаалда калган аялдарды колдоого багытталган маанилүү социалдык демилге болуп саналат.

Борбордун максаты жана миссиясы — социалдык жетимдиктин алдын алуу, жаңы төрөлгөн ымыркайлары бар энелерге ар тараптуу жардам көрсөтүү, аялдардын укуктарын калыбына келтирүү жана алардын өз алдынча жашоосуна көмөктөшүү.

Борбор аркылуу аялдар төмөнкүдөй жардамдарды алышат:

  • убактылуу коопсуз турак жай;
  • психологиялык жана юридикалык жардам;
  • документтерди калыбына келтирүүгө колдоо;
  • жумушка орношууга жана коомго адаптацияга жардам.

“Эне үйү” — бул өлкөдө үй-бүлөлүк кризистердин алдын алууга жана аялдар менен балдарга системалуу колдоо көрсөтүүгө багытталган алгачкы үлгүлүү аянтча болуп калды.

Анын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Калыбекова, Айсулуу Мамашова, эмгек министринин орун басары Кыял Жанузакова, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, кризистик борборлордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандагы “Эне үйү” долбоорунун регионалдык өкүлү Назгүл Турдубекова борбордун миссиясы жана өнүгүү келечеги жөнүндө кеңири маалымат берди.

Иш-чаранын коноктору:

  • балалу аялдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты,
  • борбордун негиздөөчүлөрү жана адистери менен баарлашышты,
  • Кыргызстанда энеликти колдоо системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

“Эне Үйүнүн” ачылышы – оор кырдаалга кабылган аялдар менен балдарды туруктуу, гумандык жана системалуу колдоо системасын түзүү жолунда маанилүү кадам болуп, өлкөнүн социалдык саясатынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.