
Бишкек шаарындагы айрым жалпы билим берүү уюмдарында 2025 — 2026-окуу жылына 1- жана 2-класстарга окуучуларды кабыл алуу боюнча кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул орундар ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн жогорку суроо-талабын канааттандыруу жана билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында берилүүдө.
Кошумча квоталар төмөнкү билим берүү уюмдарында каралган:
№ 4 гуманитардык-укуктук багыттагы мектеп-гимназия
№ 10 жалпы билим берүүчү орто мектеп
№ 13 англис тилин тереңдетип окуткан мектеп-гимназия
№ 12 Л.В. Толстунов атындагы орто мектеп-гимназия
№ 17 А.С. Пушкин атындагы орто мектеп
№ 20 Г. Алиев атындагы орто мектеп
№ 26 орто мектеп
№ 29 орто мектеп
№ 37 орто мектеп
№ 40 орто мектеп
№ 41 орто мектеп
№ 44 орто мектеп
№ 56 орто мектеп
№ 62 орто мектеп
№ 63 Ч. Айтматов атындагы орто мектеп
№ 64 орто мектеп
№ 75 орто мектеп
№ 82 орто мектеп
№ 84 Ж. Садыков атындагы орто мектеп
№ 88 орто мектеп
№ 92 орто мектеп
№ 102 И. Арабаев атындагы орто мектеп
№ 119 орто мектеп