
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Коргоо министри кызматына Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.
Талкууда депутаттар Исхак Масалиев, Балбак Түлөбаев, Алишер Козуев, Талайбек Масабиров, Илимбек Кубанычбеков, Нилуфар Алимжанова, Таалайбек Сарыбашов аскер кызматына чакыруу механизмдерине, армиядагы материалдык-техникалык жана мүлктүк маселелерди чечүүгө көңүл буруп, Руслан Мукамбеттин жооптуу кызматына ийгилик каалашты.
Депутат Камила Талиева Баткен облусунан келген балдар аскер окуу жайларында билим алууну каалап жатканын белгилеп, буга байланыштуу аймактарда аскердик окуу жайларды ачуу маселесин кароону сунуштады.
Депутат Гүлсүнкан Жунушалиева КММАда аскердик-медициналык факультет ачуу маселесин кароону сунуштады. Депутат Надира Нарматова армиядагы «дедовщина» боюнча суроолорду берип, аскер кызматкерлеринин ортосундагы «дедовщина» сыяктуу терс көрүнүштөрдөн арылып, бардык мектептерге алгачкы аскердик даярдыкты киргизүү керектигин кошумчалады.
Эске сала кетсек, 17-майда президент Руслан Мукамбетовду коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындоо тууралуу жарлык чыгарган. Бул кызматты аркалаган Бактыбек Бекболотов Коопсуздук кеңешинин катчысы болду.