
Ош шаарындагы бардык базарлар 1-июлдан жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев кезектеги таңкы рейдде тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге жаңыдан курулуп, пайдалануу алдында турган муниципалдык базарга барып, курулуштун бүткөрүлгөн иштери менен таанышты.
Ошондой эле анын жанында жеке инвестор тарабынан курулуп жаткан базардын курулушун көрүп, жумуштарды тездетүүнү тапшырды. Бул жаңы курулуп жаткан базарга 1-июль күнү Ош шаарындагы “Келечек”, “Бексултан”, “Кийим-кечек” рыногу, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар көчүрүлөт.
“Мэрия коомчулукту жана соодагерлерди белгиленген мөөнөт аралыгына чейин көчүүгө даярдык көрүүнү жана абалды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат”,-деп айтылат маалыматта.