Нурдан Орунтаев курулуш объектилериндеги коопсуздукту текшерди

Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги бир катар курулуш объектилерине күтүүсүз текшерүү жүргүздү.

Ведомтвонун маалыматына караганда, министрди тийиштүү кызматтардын жетекчилери жана техникалык адистерден түзүлгөн комиссия коштоп жүрдү. Текшерүүнүн максаты курулуш ишмердүүлүгүндө коопсуздук эрежелеринин сакталышын, уруксат берүүчү документтердин бар-жогун жана нормалык стандарттардын аткарылышын текшерүү болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар курулуш компанияларынын курулуш объектилеринде коопсуздук талаптары одоно түрдө бузулганы аныкталды. Бул үчүн тиешелүү компанияларга айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду.

Мындан тышкары, уруксат кагаздарында мыйзам бузууларга жол берген айрым компаниялардын документтери комиссиялык кароого жөнөтүлдү.

Министр Нурдан Орунтаев белгилегендей, мындай текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүп, курулуш тармагында мыйзамдуулуктун жана коопсуздуктун сакталышы мамлекеттик негизги артыкчылыктардын бири бойдон калат.