
2025-жылдын 19-майында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигине милиция кызматкеринен билдирүү келип түшкөн. Билдирмеде, тергөө тапшырмасын аткаруу учурунда 1985-жылы туулган Т.П. аттуу жаран күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз, контрабандалык жол менен ташып жүргөндүгү аныкталган. Бул факт боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жаткан учурда, Т.П. кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу жолун издеп, кылмыш ишинин оң чечилишине ортомчу болуу максатында милиция кызматкерине акча каражатын сунуштап жатканын билдирген.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, 1985-жылы туулган Т.П., аттуу шектүү милиция кызматкеринин кызматтык кабинетинен 20 000 сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Бишкек шаарынын ШИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.